7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарынын 61 тургуну жай айынан бери дайынсыз

473

Бишкек шаарынын Москва районун 61 жаштагы тургуну Сайдали Сулайманов август айынан бери дайынсыз. Бул тууралуу 7tv.kg сайтына кызы Динара Сулайманова кайрылды.

«Буга чейин атамдын ден-соолугунда эч кандай өзгөчөлүк болгон эмес. Жай айларында COVID-19 илдети курчуп турган учуру атабызды өтө катуу таасирлентти. «Ушул вирус, биздин түбүбүзгө жетмей болду! Ушунтип эле жок болуп кетебизби?!»-деп катуу коркуп калган эле. Биздин божомолубуз боюнча, ошол оорунун таасири менен үйдөн чыгып кетиши мүмкүн»-деди Сулайманова.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска боз, көздөрү кара, каштары калың.
Көргөн билгендер болсо 03131 52131, 0707928892 номурлары аркылуу байланышсаңыздар болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

474