7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол кире 25 сомго көтөрүлөбү? Мэриядан жооп

404

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча кырдаалды түшүндүрдү.

23-апрелде  Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльдар Абакиров: «Бир жаңы автобус канча убакытта өзүн актайт?» деген суроо берди.

Мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков азыркы тарифте автобустар өзүн актабай турганын белгиледи.

«Андай учурда тарифти көтөрүү керек, эгер тариф 25 сомдун деңгээлинде болсо 8-10 жылдан кийин акталышы мүмкүн. Бирок мунун баары тетиктердин баалары өзгөрүүсүз, эгерде инфляция бирдей деңгээлде болсо, валютанын туруктуу курсу менен гана болот»,- деп кошумчалады Байгончоков.

Белгилей кетчү нерсе, бул Бишкек мэриясынын позициясы эмес, өзүн-өзү актоо мезгилин түшүндүрүү үчүн алдын ала божомолдор болгон.

Ошол эле учурда муниципалитет коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүүнү пландаган жок. Борбор калаанын мэриясы ишкананын ишин туура башкарууга жана чыгымдарын оптималдаштырууга көбүрөөк көңүл бурат.

405