7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бүгүн Азия чемпионаты башталат

448

Бүгүн, 11-апрель күнү Бишкектеги “Бишкек-Арена” шаардык муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөш боюнча эркектер арасында 5 комлект медаль ойнотулат. Мелдеш «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 11-16-апрель аралыгында өтөт. Чемпионатка Азиянын 30дан ашык мамлекети катышаары белгилүү болду.

Ал эми Кыргызстандан мелдешке Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышат.

 

 

449