7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте эгиз уул төрөгөн 22 жаштагы келин каза болду

819

Бишкектеги төрөтканада эгиз төрөгөн 22 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, келин №2 шаардык төрөтканага кош бойлуулуктун 34-жумасында кан басымы көтөрүлгөн абалда келген. Кесарево жолу менен эгиз уул төрөгөн. Операция ийгиликтүү аяктаган, тилекке каршы, 15-январга караган түнү саат 00:30 чамасында каза болуп калган.

Алдын ала маалымат боюнча аялдын кан басымы көтөрүлүп кеткен.

“Учурда, ымыркайлардын абалы жакшы. Азыр экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз, андан кийин өлүмдүн себептери аныкталат”,- деди Асылбашева.

 

820