Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарында хирург Эрнст Акрамов акыркы сапарга узатылып жатат. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор, эмгек сиңирген дарыгер, СССРдин эл депутаты Акрамов Эрнст Хашимович 89 жашында 26-ноябрда дүйнөдөн кайтты.