Бишкекте эт саткан дүкөндөрдүн биринде өлгөн малдын этинен фарш жасалары ачыкталды. Бул тууралуу цехке Kaktus.media редакциясы Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы менен биргеликте текшерүү жүргүзүшкөн учурда тастыкталган.
Маалыматка ылайык, эт чыгарган ишкана Анкара көчөсүндөгү кафелердин биринде жайгашкан. Чакан ишкана болгондуктан, анда эки, үч адам гана иштеп, текшерүүгө барган учурда бир эле адам болгон.
Ал жактан катуу тоңдурулган тоок этин, майдаланылган сөөктөр жана жыпар жытка аралашкан эттерди жана текчеден фаршка кошулуучу нандар тизилип турганын көрүүгө болот. Фарштар башка жактан даярдалып, Бишкектен эмес Ош, Жалал-Абаддан алынып келээрин жумушчу билдирген.
«Мына ушул сырьёнун бир килограммы 280 сомдон алынып келинет. Өлкөдө акыркы беш жылдан бери уй этине мындай баа болгон эмес. Дүкөндөгү продукциянын арзандыгы анын «сөөктүү» экендиги менен түшүндүрүлөт. Бирок, мындай түрдөгү эт да Ош базарында 400 сомдон турат. Мунун өзү шек жаратат. Андан сырткары эттин өңү карамтыл болуп турат.
Аларга ким жеткирип берерин жумушчу билбейт. Эч кандай келишщими да жок. Ошондой эле башка азыктар үчүн да тастыктоо документтерин көрсөтүп бере алган жок. Цехтин кызматкеринин колунда «Халал» деген сертификаты гана бар. Ал дагы күмөндүү болуп чыкты, анткени берилген сертификаттар катталган базада көрсөтүлгөн эмес.
Бул этке май, нан жана татымалдар, ошондой эле көп өлчөмдө тооктун эти кошулат. Кызматкердин айтымында, алар Ош базарынан килограммын 150 сомдон сатып алышат, бул да өтө күмөндүү»,-деп берилет маалыматта.
Цехти текшерүдөн соң инспекторлор бардык продукцияны анализге алып кетип, лабораториялык текшерүүлөр ал өлүк малдын эти экенин аныктаган.
Белгилей кетсек, өлүк малдын этин адамдын тамак-ашына колдонууга болбойт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram