Бишкекте кардан кийинки жолдорду тазалоого 608 кызматкер тартылды. Бул тууралуу шаардык мриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталган.
Жол жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн 12 кызматкери, 35 атайын техника, 44 тонна техникалык туз даярдалган.
Калаадагы ыңгайсыздык жараткан жерлер же болбосо тазаланбай калган көчөлөрдү көрсөңүз 0554 18 21 85 номуруна, же 1840, 1850 кыска номуруна байланышып коюңуздар.