7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коомдук дааратканаларды жайгаштыруу боюнча кайрадан аукцион жарыяланды

244

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү максатында коомдук дааратканаларды жайгаштыруу укугу боюнча кайрадан аукцион өткөрөт.

Буга чейин өткөн аукциондо 12 жер тилкеси сунушталып, алардын үчөө боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Учурда үч тилке боюнча келишимдер түзүлгөн.

Ал эми калган 9 жер тилкеси кайрадан аукционго чыгарылып, мэрия кызыкдар болгон ишкерлерди катышууга чакырды.

Кочкор көчөсү – Тыныбеков көчөсү;
* Муром көчөсү – Айни көчөсү (№4 шаардык оорукананын жанындагы сквер);
* Айни көчөсү, 209 (жаңы парк);
* Бакаев көчөсү – Айни көчөсү (Островский көчөсү, 41);
* Профсоюз көчөсү – Патрис Лумумба көчөсү;
* Шевченко көчөсү, №12 үйдүн жанында;
* Фере көчөсү – Дзержинский көчөсү («Кыргызстандын 40 жылдыгы» паркы);
* «Кожзавод» паркы;
* Чокморов көчөсү – Шевченко көчөсү.
Бишкек шаарынын мэриясы кызыкдар болгон ишкерлерди ачык аукционго катышууга чакырат.
Кошумча маалыматты төмөнкү сайттан алууга болот: https://auctionetp.gov.kg/msu/
245