7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүүдө

145

2026-жылдын январь–июнь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп, ички дүң продукция (ИДП) 960 млрд сомго жетти. Реалдуу өсүү темпи 111,9% түзүп, өткөн жылдын (2025-жылдын январь-июнь айларында – 111,3 %) ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн жогору болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Экономиканын секторлорун макроэкономикалык талдоо бөлүмүнүн жетекчиси Дастан Чаниязов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, өлкө экономикасы тышкы чакырыктарга карабастан активдүү кеңейүү фазасында калып, 2022-жылдан берки жогорку өсүү темпин сактап келүүдө.

“Экономиканын бардык секторлорунда оң динамика катталды. Өсүштүн негизги локомотивдери болуп курулуш тармагы, масштабдуу инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышынын эсебинен 69,6% таасирдүү секирик жасады, жана ички өндүрүштүн жанданышынын аркасында 12,8% өскөн өнөр жай саналат. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,0% өсүштү көрсөттү, ал эми айыл чарбасы 4,3 % кошту, буга айыл чарба секторуна өз убагында мамлекеттик колдоо, лизинг аркылуу айыл чарба техникаларынын паркынын масштабдуу жаңыртылышы жана мал чарбачылыгындагы туруктуу өсүш өбөлгө болду”,- деди ал.

Адистин баамында, мындай натыйжалар ички өнөр жай потенциалы менен инвестициялык климаттын айкалышынын негизинде камсыздалып, экономиканын бардык секторлорунда мультипликативдик эффект жаратууда.

146