7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын өрттөгөн мончонун ээсине айып пул салынды.

247

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы Москва районунун Петровка айылындагы мончонун аймагында тигүү өндүрүшүнүн калдыктары өрттөлгөнүн аныктады.

Маалым болгондой, текшерүү социалдык тармактарда тараган видеонун негизинде жүргүзүлүп, жыйынтыгында мончонун ээсине 10 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Мындан тышкары, калдыктарды мыйзам талаптарына ылайык чогултуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай мыйзам бузууларга жол бербөө тууралуу эскертүү берилди.

248