7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салган окуя. Шектүүлөр дагы бир нече кылмышка шектелип жатат

666

Бишкекте коомдук транспортта жүргүнчүлөрдү отвертка менен коркутуп, телефон урдоого аракет кылган жарандар кармалып, алар дагы бир канча кылмышка шектелип жатышат. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-августта Р.Г. атту жаран бейтаныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган, арызында көрсөтүлгөн күнү эртең менен саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортдо бара жатып, накталай акча салынган капчыгынан уурдоого аракет кылган белгисиз адамдар жагдайга байланыштуу, баштаган ишин аягына чыгара албастан, анын жашы жете элек уулусун белгисиз нерсе менен жаракат кылып, изин жашырышкан.

Ошондой эле, 10-августта А.Ж. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, арызында үстүбүздөгү жылдын 8-августунда маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдатып жибергенин байкап, кайра кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүп, белгисиз буюм менен сокку-урууга аракет кылышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган фактылар боюнча райондук бөлүмдөрдүнүн тергөө кызматтары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголуп, милиция кызматкерлери дароо кылмышкерлерди кармап, тергөө кызматына жеткиришкен.

Кармалган 6 жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн жашаган жеринен 6 даана ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылып, алынган.

 

 

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667