7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга жол берген мэриянын кызматкери кармалды

401

Муниципалдык жерлерге коммерциялык объекттерди мыйзамсыз тургузуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо  башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Муниципалдык органдардын кызмат адамдары тарабынан  аянты 0,0921 га (9,2 сотых) муниципалдык жерге, дареги:  Бишкек шаары, 7 мкр. 41а (Юнусалиев көчөсүнүн боюнда) жеңилдетилген типтеги соода объекттерин мыйзамсыз куруу фактылары аныкталды.

Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, анын алкагында КР жараны Д.М.А. ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, 2017-жылы жеңилдетилген типтеги коммерциялык объекттерди (тез тамактануучу жайлар, дүкөндөр ж.б.) тийиштүү ижара келишими жок жана уруксат берүүчү документтери жок туруп,  муниципалдык тилкеге ижарага берүү үчүн мыйзамсыз кургандыгы такталды.

Ошол эле учурда мыйзамсыз соода объектилерин жашырып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары системалуу негизде акчалай сый акы алышкан.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын кызмат адамдары аталган коммерциялык объекттердин курулушу аяктап, иштегенден 6 жыл өткөндөн соң, иштөөсүнө жарым-жартылай мыйзамдуулук берүү максатында  «соода-сервистик, оюн-зоок комплексине жана мейманкана номерлери бар кафеге көрктөндүрүү үчүн» функционалдык багыты менен 2023-жылдын июлунда Курулуш жана өз алдынча бирдикке бөлүү укугусуз бир жылга ижара келишимин түзүшкөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын  башчысынын орун басары, аталган соода жайынын ээси Д.М.А. жана анын бизнес өнөктөштөрү Б.А.М., Ж.Ж.М.  кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасын жана күнөөлүүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү  тараптардын  аракеттерине юридикалык баа берилет.

 

402