29-сентябрда Бишкекте «Snow Leopard Run 2024” V эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Спорттук иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурат.
Жарыш борбордук Ала-Тоо аянтында башталат. Марафонго быйыл 4,5 миңдей адам катышары күтүлүүдө. 5 км, 14 км, 21,1 км, ошондой эле үч жаштан он үч жашка чейинки балдар үчүн «Kulikov Kid’s Run» жарышына каттоо ачылды.
«Snow Leopard Run 2024» спорттук иш-чарасы эң сейрек кездешүүчү жаныбарлардын бири болгон ак илбирсти коргоо үчүн миңдеген адамдардын күч-аракетин бириктирүүгө багытталган. Анда жарыштын ар бир катышуучусу Кыргызстандын экологиясын сактап калууга өз салымын кошо алат.
Ошондой эле, жеңүүчүлөрдү сыйлоо, шоу-программа жана интерактивдүү иш-чаралар өтөт.