Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жалпы аянты 3,61 га жер тилкеси, жалпы сметалык баасы 681 миллион сомдон ашык болгон имараттары менен кайтарылды.
Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында аянты 3,5 га жер участогун салык төлөөдөн качкандар мамлекеттик актыга киргизген эмес. Буга байланыштуу 280 млн. сом болгон жер тилкеси Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына өттү.