7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити башталды

447

Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө.

“Ынтымак Ордосунун” кире беришинде мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты.

Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.

 

448