7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте таштандыны кайра иштеткен завод курула баштады

452

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларын жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Жапаров белгилегендей, соңку жылдары Бишкекте экология маселеси курчуп барат. Эки жылдан бери абаны булгаган нерселерди жоюу боюнча иш жүрүүдө.

«Бишкектеги санитардык полигонго тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү завод керек болчу. Бүгүнкү күндө катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоо менен электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушун баштайбыз. Тазалоо системалары, турак-жай, спорттук имараттар да курулат. Бул долбоор биз үчүн маанилүү. Ишкананын ишине ийгилик каалайбыз»,- деди ал. 

Санитардык полигондун аймагына курула турган ишкана суткасына 850 тоннага жакын таштандыны жок кылат. Заводдун аймагына таштандыларды өрттөөчү заводдор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жайлар, спорттук имараттар курулат.

Долбоордо калыбына келтирүү казандары жана турбогенераторлор менен жабдылган механикалык колонна мешинин технологиясы колдонулат. Түтүн газын тазалоонун көп баскычтуу системасы да пайдаланылат. Заводду 2025-жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.

 

453