Бишкекте той өткөрүүгө жарым-жартылай уруксат берилди. Бул тууралуу борбор калаанын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын кызматкери Майрам Иманкулова билдирди.
Анын айтымында, республикалык штаб коомдук тамактануучу жайлардын, анын ичинде тойканалардын алгоритмин жаңылаган.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн өкүлү кафе, тойкана жана коомдук тамактануучу жайларга бул маалымат жеткенин кошумчалады. Буга чейин 50 адамга чейин гана уруксат берилген. Ал эми азыркы кабыл алынган алгоритм боюнча орундуктардын 50 пайызын толтурса болот.
«Эгер тойкана 400 адамга эсептелинген болсо 200 конок чакырууга уруксат берилет. Ошондой эле тамактануучу жайлардын жетекчилиги келген коноктордун аты-жөнү, жашаган дареги, байланыш номурларын тизмектеп чыгууга милдеттүү. Тойканаларда ар бир конок тепловизор менен дене табы текшерилүүсү керек», — дейт ал.