7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мончолор менен сауналар текшерилүүдө

355

Бишкек мэриясынын муниципалдык көрктөндүрүү инспекциясы тыюу салынган буюмдарды өрттөп жаткандарды аныктоо үчүн мончолор менен сауналарды текшерүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Акыркы жумада калаа ичиндеги 38 мончо жана сауна текшерилди. Тигүү калдыктарын, резина жана пластмассаларды мыйзамсыз өрттөө фактылары аныкталган жок” – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 478 миң сомго 41 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле инспекция тарабынан ишкердик субъекттерине отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча эскертүүлөр сунуш катары берилет.

356