7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалды

522

Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, мындан мурда социалдык тармактарда Бишкекте кыз эки аскер кызматкерин зордуктоого айыптап жатканы тууралуу маалымат тараган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 5-сентябрында Б.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анын арызында 4-сентябрдан 5-сентябрга караган түнү саат 04:30дар чамасында Бишкек шаарындагы Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен унаанын арткы отургучунда аны зордуктаган эки белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын У.А. жана А.Т. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

«Кечээ, 11-сентябрда Аскер прокуратурасы шектүүлөрдү кармап, Бишкек гарнизонунун убактылуу кармоочу жайына киргизди. Бүгүн У.А. жана Т.А. аларга карата баш коргоо чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жеткирилет», — деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

523