Лейлек районунда жасаган кылмыш иши үчүн жоопкерчиликтен качып, Чүй облусунун аймагында жышырынып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 5-январь күнү жаран Т.К. “Мерседес-Бенц-Спринтер-318” үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып, Жол кыймылынын эрежелерин бузуп, каршы тилкеге өтүп, карама-каршы багытта келе жаткан “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каза болуп, унаадагы жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.
Андан соң, 31 жаштагы шектүү жаран кылмыш жоопкерчилигинен качып, Чүй облусунун аймагында изин жашырып жүргөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинде (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголуп, жогорудагы шектүү жаранга карата издөө жарыяланган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү Сокулук районундагы айылдардын биринде жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.