Бишкек шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 29-августта болжол менен саат 21:20да белгисиз айдоочу унаасы менен Жибек-Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 46 жаштагы Б.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, жеринен качып кеткен.
Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп баштаган.
Шектүү катары Kia Ceed унаасынын 34 жаштагы К.Т. аттуу айдоочусу кармалып, учурда тергөө кызматына өткөрүлдү.