7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жана Чүйдө 3 баңги лабораториясы жоюлду

393

«Манас» бажысынын кызматкерлери, ИИМ баңизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кызматкерлери, ошондой эле УКМК 6-Башкы башкармалыгынын 1-башкармалыгынын 4-бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Чүй ОИИББнын БМЖКК кызматкерлери тарабынан баңгизатын чет өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына туруктуу жеткирүү жана сатуу тармагын түзгөн трансулуттук баңги тобу жоюлду.

Бир сутка ичинде үч кызматтын биргелешкен аракети менен атайын операциянын натыйжасында трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобун жоюп, 11 Кыргызстандын жараны, 1 Россиянын жараны, алардын алтоо уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү болуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда уюштурулган үч баңги лаборатория жоюлуп, Кыргызстанга баңгизат жеткирүүчү эл аралык канал жабылды, органикалык баңгизаттарды саткан «Gangzilla» интернет-дүкөнүнүн ишмердүүлүгү токтотулган. Бул интернет дүкөндүн негиздөөчүсү жана куратору кармалды. 10 кгдан ашык марихуана, 75 бөтөлкө гашиш майы, гидропондук ыкма менен өстүрүлгөн 38 гибрид кара куурай бадалдары, баңги лабораториясынын жана интернет-дүкөндүн ишмердигинде колдонулган ар кандай буюмдар жана техникалык жабдуулар алынган.

Кармалган баңгизаттын баасы, алдын ала эсептөөлөр боюнча 50 млн сомду түзөөрүн белгилей кетүү керек.

394