7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, экөө каза болду

789

Бишкектин Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит жана Хонда Стрим үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. 

Тез жардам борборунун бейрасмий баракчасында маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен беш адам жабыркап, экөө каза болгон.

«Кырсыктын кесепетинен Honda Stream унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде, Honda Fit унаасынын айдоочусу ооруканада каза болгон. Калган жабырлануучулар ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерде алты тез жардам бригадасы иштеген»,- деп айтылат маалыматта.

Алдына ала маалыматтар боюнча, кырсык жол эрежесин бузуунун айынан болгон. Учурда окуя иликтенүүдө.


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

790