7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги бардык райондор «Кызыл зонага» кирди

814

Бишкектеги төрт райондун бардыгы коронавирус жуктургандар көбөйгөндүктөн «кызыл зонага» кирди. Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, апрель айында шаардын эки району гана «кызыл зонада» болгон. Алар Биринчи май жана Ленин райондору эле. Бүгүнкү күндө бардык төрт райондо тең абал курчуду. Вирус өтө тездик менен жайылууда.

«Ооругандардын дээрлик 50% жумушсуз деп катталган, бирок алар иштеген жерин жашырып жатат. Иштеген жерди жашыруу менен вирустун мындан ары дагы жайылуусу тездеп жатат», — деди Рыскулбекова.

Эскерте кетсек, коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб жарандарды Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облусуна барбай турууну сунуштады.

Ош-Бишкек каттамына чыкпай туруңуз! Бишкекте коронавирус күчөп барат

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

815