ИИМдин жыйындар залында ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия өтүп, анда 13 жана 17-майындагы окуялардын маселеси каралды.
Бишкекте чет элдик жарандардын катышуусунда болгон мушташтан кийин баш аламандык болуп, чет элдиктердин жатаканаларына кол салуулар болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Бишкек шаарында болгон окуялар боюнча маалымат берди.
ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы милициянын полковниги Жолболду Кочконов жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча корутунду чыгарылды.
ИИМдин коллегиясынын чечими менен ИИОнун бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди. Алсак, бардыгы болуп 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды.
13-майда тергөө-ыкчам тобунун курамында турган кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин тергөө кызматына өткөрүп берилди.