7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: Дагы эки шектүү кармалды

424

Милиция кызматкерлери массалык башаламандык учурунда бир катар оор кылмыштарды жасаган активдүү катышуучуларды аныктоону жана кармоону улантууда.

18-майда түнкү саат 01:00 чамасында Бишкек шаарынын 7-апрель көчөлөсүнүн жана Чүй проспектисинин кесилишинде, белгисиз адамдар жалган билдирүүлөрдү таратуу менен коомдук тартипти одоно бузуп, массалык баш аламандыктарды уюштуруу максатында, аталган даректе жайгашкан жатаканага мыйзамсыз кирип, анда чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирилген, алардын мүлкүн жок кылуу менен материалдык дагы зыян келтиришкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине (Массалык баш аламандык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда шектүү катары 2003-жылы туулган А.Т. жана 1999-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

Азыркы учурда, милиция кызматкерлери тарабынан аталган фактыларга тиешеси бар адамдардын жүргөн жерин аныктап, аларды кармоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери улантылууда.
 
425