Юстиция министрлиги өлкөдөгү 976 адвокаттын лицензиясын токтотот. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, министрлик адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Маалыматка ылайык, адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө 976 лицензияны (аларга колдонуудагы жана токтотулган адвокаттык лицензиялар кирет) токтотуу маселеси каралды. Инвентаризациялоо процессинде адвокаттык этика жана мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери иликтенет.