13-сентябрь күнү Бшкектеги №9 мектептин 9-классынын окуучусу мектептин 2-кабатындагы терезеден боюн таштап жиберген.
Борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын алдын ала маалыматы боюнча, буга кыз менен анын апасынын ортосундагы чыр-чатак себеп болгон.
«Тез жардам кызматы биринчи медициналык жардам көрсөтүп, кыз шаардык балдар ооруканасына жаткырылды. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталган»,-деп берилет маалыматта.