Ленин районуна караштуу, Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Билдирүүгө караганда, 5 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү күйүп кеткен. Куткаруучулар тарабынан 26 жаштагы аял 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылды. Ошондой эле 40 жаран эвакуацияланды.
«Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылып, толук өчүрүлдү. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда»,- деп берилет маалыматта.