Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.

«Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгууну аякташты. Укук коргоо органдарынын бөлүктөрү чек арага жакын аймактарды биргелешип күзөтүштү», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылган.