Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөндүгү аныкталган.
Аталган маалымат Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шектүү 26 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган Э.Э. болуп чыккан.
Ошондой эле, Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринде мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн жаранды токтотушуп, мыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзгөндө, андан жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын жайынтыгы боюнча алынган далил зат, гашиш баңги затына таандык экени жана анын таза салмагы 3,006 граммды түзөөрү аныкталган.
Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүүгө камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, тергөө амалдары уланууда.