2025-жылдын 15-февралынан тарта Бишкектен Индияга түз аба каттамы ачылат.
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Индиянын IndiGo Airlines авиакомпаниясынын вице-президенти менен жолугушуп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулады.
Соңунда тараптар Дели — Бишкек — Дели багыты боюнча жаңы каттам ачууну макулдашты. Бул туристтердин агымын арттырып, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, билим берүү жана экономикалык байланыштарды бекемдейт.