7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боом капчыгайында жол маал-маалы менен жабылып турат

749

10-13-май күндөрү Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бшкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт. Күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин маал-маалы менен чектелип, транспорт бир тилке менен гана өтүп турат. 30-40тан ашык автоунаа топтолсо таш түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун, кырсыктын болушун алдын алуу максатында жасалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750