7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда боорду акысыз алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү

392

10-июнда кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Операция 8-9 саатка созулуп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык адистерден турган дарыгерлер тобу тартылган. Реципиенттин да, донордун да гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу бойдон калууда.

«Операциянын жыйынтыгы биз үчүн канааттандырарлык болду, донордук боор трансплантациядан кийин дароо иштей баштады, бул бейтаптын андан ары сакайып кетиши үчүн жакшы жышаан», — деп белгиледи Саламаттык сактоо министри.

Операцияга катышкан адистер саламаттык сактоо министри менен биргеликте ооруканада нөөмөт иштерин улантып, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

393