Ысык-Көлдө Whatsаpp аркылуу фермерлерди массалык башаламандык уюштурууга чакыргандар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет.
Алар жол тосуп, сүт ташыган айдоочуларды барымтага алууга үндөгөн. О.Ж.А. жана М.Б.А. аттуу жарандар сүттүн мезгилдик арзандоосунан улам 1000ден ашык катышуучусу бар Whatsаpp-группада аудиобилдирүүлөрдү таратышкан. Соттук-лингвистикалык экспертиза тараган аудиолордо массалык башаламандык уюштурууга чакырык белгисин аныктаган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
УКМК жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана соцтармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырат.