7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бостериде каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө тобу түзүлдү

933

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Ысык-Көл ОИИБде атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлдү.

6-августта Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Алтын-Кум” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бардык зарыл териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Каза тапкан жарандын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында бардык тийиштүү экспертизалар дайындалган. Учурда экспертизанын расмий корутундусу чыга элек.

Орун алган окуяны ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн. Аталган тобунун курамына облустук милициянын борбордук аппаратынын тергөө жана ыкчам кызматтарында көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлери кирди. Алар тараптан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында болгон окуянын башка күбөлөрүн аныктоо, ошондой эле аларды сурамжылоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда облустук жана райондук милиция тарабынан бул окуяны толук жана ар тараптуу текшерүү үчүн бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшү КР ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

934