Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон отставкага кетүүгө даяр. Бирок ал күзүндө жаңы лидер шайланганга чейин кызматтык милдетин аткара берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын мындай кадамга баруусуна Улуу Британиянын өкмөтүнөн 30дан ашуун адам кеткени себеп болгон. Алардын арасында министрликтин жетекчилери да, өкмөттүн курамында болбогон депутаттар да бар.
5-июлда саламаттыкты сактоо жана каржы министрлери кызматынан кетишкен. Буга Жонсондун Крис Пинчерди депутаттык кызматка коюшу себеп болгон. Ал мас абалында сексуалдык ыдык үчүн соттолгон.
6-июлда отставкага кеткен бир нече министр Жонсонго кат жазып, аны отставкага кетүүгө чакырышкан. Жонсон ага макул болгон эмес.
Кошумчалай кетсек, партиянын лидерлигине ат салышуу жайында болот жана жаңы премьер-министр октябрда кызматка киришет.