7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: Аралыктан добуш берүүнү онлайн байкоого болот

363

Республика боюнча аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо тилкеси уюштурулган жана андагы шайлоо процессинин жүрүшүн БШКда онлайн байкоого болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын 6 облусунда жана Бишкек шаарынын 4 районунда аралыктан добуш берүүгө онлайн арыз бергендер добуш беришет.

«Онлайн байкоодон тышкары бардык шайлоо тилкелеринде видео байкоолор орнотулган. Эгерде суроо жараткан жагдай болсо, видеонун көчүрмөсүн алып кароо мүмкүнчүлүгү бар. Добуш берүү саат 08:00дөн 20:00гө чейин уланат», — деди Шайлдабекова.

Аралыктан добуш берүү үчүн өлкө боюнча 9 миңден ашык жаран катталган. Алардын ичинен 4 миң 879 шайлоочу Бишкек шаарынан катталып, анын 70 пайызын 18 жаштан 35 жашка чейинкилер түзөт.

364