7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бычактап, өрттөп салышкан. Жалал-Абадда 32 жаштагы кишинин сөөгү табылды

416

Жалал-Абадда киши колдуу болгон 32 жаштагы жаранды өлтүргөн эки жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирди.

9-декабрь күнү милицияга Сузак районунун 1997-жылкы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1992-жылкы жолдошу 21-ноябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын айтып кайрылган.

13-декабрь күнү Базар-Коргон районунундагы Чарбак айылындагы таштанды таштаган жардын ичинен белгисиз жарандын жансыз денеси кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган.

Жансыз дене таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, аны таанып кароо үчүн, арыз менен кайрылган келинди алып келген учурда, ал дайынсыз болгон жолдошу экендигин кийип жүргөн кийимдеринен таанып билген. Ал эми жансыз дененин алтымыш жеринде учтуу нерсе менен сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган.

Бул факт «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү катарында Жалал-Абад шаарынын 18-20 жаштагы тургундары кармалып, камакка алынган. Шектүүлөр менен каза болгон жарандын ортосунда акча тууралуу пикир келишпестиктер пайда болгондугу жана дагы бир жарандын окуяга катыштыгы бар экендиги маалым болду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

417