7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бычакташкан балдардын окуясы боюнча экспертиза дайындалды

605

Бишкектеги бычак жеген балдардын окуясы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Бул тууралуу  Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-майда саат 21:54төр чамасында 102 кызматына Ч.Айтматов проспектисиндеги дүкөндөрдүн биринин жанынан бычактан жаракат алган балдардан билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери жерине барганда бычак жеген балдарды ооруканага тез жардам алып кеткен.

Анда Е.А. аттуу 18 жаштагы жигит ооруканага жаткырылса, 2007-жылы туулган Т.Э., 2006-жылы туулган К. А. жана П.А. аттуу жарандар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөндүгү кабарланган.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 20 жаштагы эки жарандын өздүгү такталган. Алар да 22:00дөр чамасында мушташта денелерине залал келтирген белгисиз балдарга карата чара көрүп берүүнү айтып, арыз жазышкан.

Бул фактылар маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.

“Учурда тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары каралып жатат, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин эки тараптын аракеттерине баа берилет”, — деп кошумчалады Ленин РИИБи.

606