7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
12°C

Быйыл жолдорду оңдоого жана курууга 6 млрд сом бөлүнгөн

393

Бул жылы Кыргызстанда жолдорду оңдоп-түзөөгө жана курууга 6 млрд сом каралган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери мындай чоң көлөмдө биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен алынып, салтанаттуу тапшырылды.

«Быйылкы жылы жол тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга бюджеттен 6 млрд сомдон ашуун каражат каралган. Белгилей кетсек, жол куруу жана оңдоо багытына колдонуучу 669 даана атайын техникалар өлкө казынасынын эсебинен сатып алынат. Алардын алгачкы 84 даанасы Кыргызстанга келди. Жакынкы убакытта калган техникалар дагы алынып келинет. Ал эми, жылдын аягына чейин республика боюнча 855 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландаштырылган, алар 587 чакырым – асфальт төшөө, 178 чакырым – жолду бодурлоо (ШПО) жана 90 чакырым – шагыл иштери жүргүзүлөт»- деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

394