7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй: №8 абактагы 45 жаранга паспорт берилди

623

Чүйдө №8 абактагы 45 жаранга паспорт берилди. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, паспорттоштуруу соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында №8 түзөтүү мекемесинин администрациясы жана Москва районунун калкты тейлөө борбору тарабынан ишке ашырылды.

Ведомстводон белгилешкендей, жакын арада №8 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан дагы 50гө жакын соттолгон жаранга паспорт берүү жана тариздөө иштери күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамды паспорт менен камсыз кылууга жетишкен.

624