7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө дагы бир айым дайынсыз жоголуп изделип жатат

701

 

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон Наталья Худякованы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-апрель күнү Аламүдүн РИИБине 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анда ал 1981-жылы туулган Наталья аттуу өкүл кызы 6-апрель күнү 04:30дар чамасында Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасы менен батиринен чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин жазган.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери ал жоголгон Лебединовка аймагына барып маалыматты такатаганда, Наталья аталган жердеги батирде жарым айдан бери жашап жатканы белгилүү болгон. Эртең менен ал унаасы менен белгисиз жака кеткен бойдон кайрылып келбегени аныкталган.

«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган унаа 6-апрелде саат 18:35 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан Люксембург айылынын аймагынан кармалганы белгилүү болгон. Анда изделип жаткан Наталья мас абалда болгону текшерүүдө аныкталган. Ошол күнү унаага протокол толтурулуп Кант шаарындагы айып короого токтотулган жана Натальяга үйүнө кетүүгө уруксат берилген», — деп билдиришти облустук милициядан.

Учурда Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын жүргөн жерин тактоо боюнча андан аркы издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берип турабыз деп билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702