7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө кошунасын мыкаачылык менен өлтүрүгөн адам кармалды

420

Чүйдүн Аламүдүн районунда 73 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип кошунасы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.

24-октябрь күнү баштан-аяк электр зымы менен таңылган А.Д. аттуу кишинин сөөгү Бер-Булак айылындагы үйдөн табылган. Ал октябрь айынын башында үйүн 60 миң долларга сатып, акчасын 28 жаштагы кошунасына «сактап тур» деп берген. Бирок коңшусу каражаттын баарын коротуп салгандыктан аны өлтүрүүнү чечкен. 

Бул факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында маркумдун кошунасы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча айыпталды.

421