7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар иштей баштады

515

28-мартта, Чүй облусунун Москва районундагы «Спартак» жалпы орто билим берүү мектебинин базасында өлкө боюнча ачуу пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү (3 сааттык) бала бакчанын биринчиси салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдирди.

Бакча эртең менен же түштөн кийин эки нөөмөттө келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган. Зарыл шарттар Билим берүү министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында түзүлдү. Долбоор боюнча имараттарды оңдоого, терезелерди жана эшиктерди алмаштырууга, санитардык-гигиеналык шарттарды түзүүгө, ошондой эле балдар үчүн оюнчуктарды, эмеректерди жана өнүктүрүүчү куралдарды сатып алууга каражаттар каралган.

Жалпысынан Москва районунда мындай 16 бала бакча иштейт, калган мекемелердин ачылышы апрель айына белгиленген.

“Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Бул 3 жаштан 6 жашка чейинки 40 миңге жакын баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтууга мүмкүндүк берет.

Кыска мөөнөттүү бала бакча 3 сааттык программаны сунуштайт, мамлекеттик стандарттарга ылайык балдарды өнүктүрүүгө көңүл бурат. Болгону уктоо жана тамак берүү каралган эмес. Мындай формат экономикалык жактан үнөмдүү жана эки нөөмөттө мектепке чейинки өнүктүрүү программалары менен камтылган сабактарды уюштуруунун эсебинен балдардын санын эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

516