7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө аялдын телефонун жана курбусунун баштыгын тартып алган шектүүлөр кармалды

761

Жайыл районунда тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрь күнү арыз менен 1977-жылы туулган О.В. аттуу жаран кайрылган. Аны 17-ноябрь күнү белгисиз үч жаран эч себепсиз жаман сөздөр менен сөгүп, күч колдонуп телефонун тартып алышканын жана курбусунун баштыгын да алып кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, 1987-жылы туулган К.Э., 1981-жылы туулган Ж.Т., жана 1998-жылы туулган С.А. аттуу жарандар кармалышкан.

Учурда шектүүлөрдүн бири убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калган экөө боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

762