7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, башын тебелеп кеткен айдоочу кармалды

1884

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жөө адамды сүзүп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрда болуп, саат 23:29 чамасында Кара-Жыгач айылында жөө адамды унаа сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

«Териштирүү учурунда 1971-жылы туулган К.М. мас абалда «Тойота Клюгер» унаасы менен Кара-Жыгач айылындагы көчөлөрдүн биринен 1965-жылы туулган Л.В. аттуу адамды сүзгөн.  Айдоочу жөө адамды сүзүп алгандан кийин унаасы менен артка кайрылып, жерде жаткан жабырлануучунун баш тарабын тебелеп өткөн. Анын кесепетинен жабырлануучу жеринен жан бергени белгилүү болду», — дешти маалымат кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 122-берене («киши өлтүрүү») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 1971-жылы туулган К.М. кармалды. Айдоочунун ичимдик ичкени аныкталып, унаасы айып короого токтотулду.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1885