7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жарандын үйүнө кирип, акчасын уурдап кеткен 40 жаштагы шектүү кармалды

734

Чүй районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү Чүй районунун ИИБүнө 1994-жылы туулган К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда үйүнөн 9000 сом акчасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулагн К.В. аттуу жаран кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735