7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чагымчыл маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

592

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат.

Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда.

Алсак, 20 жакын социалдык тармактын колдонуучулары агрессивдүү түрдө улуттар аралык кастыкты козутууга (араздашууга) алып келген билдирүүлөрдү жарыялашкан.

Кыргызстан ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда жогорудагы жарандар аныкталып, ички иштер органдарынын тергөө кызматтарына жеткирилишкен. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө.

Учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймактарда коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат.

Ички иштер министрлиги аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

593