Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткан жеринен үч жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери кызмат өтөп жаткан учурда, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын четине жакын жердеги талаадан шектүү адамдарды байкашкан. Милиция кызматкери жакындаганда алар талаадан качып кетүүгө аракет көрүшкөн.
Кармалган үч жаран тең Каракол шаарынын тургундары, мурда соттолгон 33 жаштагы Ж.А., 35 жаштагы Ю.В. жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган 33 жаштагы А.Р. болуп чыкты. Алардан жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган.
Шектүүлөр Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алардын айтымында, жапайы кендирди даярдоо үчүн атайын айылдын четине келишкен.
«Бул факт райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, алардан алынган өсүмдүк заты баңги затынын кайсы түрүнө таандык экенин аныктоо үчүн изилдөөгө жөнөтүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет»,-деп бериелт маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram